Укмк төрагасы жерди алмашууга каршы чыккандар менен жолукту - bbc news кыргыз кызматы

Укмк төрагасы жерди алмашууга каршы чыккандар менен жолукту - bbc news кыргыз кызматы

Play all audios:

Loading...

УКМК ТӨРАГАСЫ ЖЕРДИ АЛМАШУУГА КАРШЫ ЧЫККАНДАР МЕНЕН ЖОЛУКТУ 19 апрель 2021 УКМК ТӨРАГАСЫ КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ ОШ ОБЛУСУНУН КАРА-СУУ РАЙОНУНДАГЫ САВАЙ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНӨ КЕЛИП, ЖЕРГИЛИКТҮҮ ТУРГУНДАР


МЕНЕН ЖОЛУКТУ. Аталган аймакта эки-үч күндөн бери "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга алмаштырууга каршы митинг өтүүдө. Ынтымак айылынан 50дөн


ашуун тургуну мөөнөтсүз акция баштаганын айтып, боз үй тиккен. Алар УКМК төрагасы К.Ташиевдин келишин талап кылды. Ынтымак суу сактагычка эң жакын айылдардын бири. Нааразылык билдирген


тургундар жерди берүүгө карaманча каршыбыз деп жатышат. "Өзбекстанга 1956-жылы өткөрүп жиберген жерлер бар экен. Колхоз-колхоз, совхоз-совхоз кылып өткөрүп жиберген жерлер бар экен. Бул


эми биздин күнөөбүз эмес, өткөн турмуштун күнөөсү. Эми ошону кайтарышыбыз керек болуп жатат. Ошону кайтаруу үчүн жан үрөп аракетибизди кылдык. Мындай ыңгайлуу, пайдалуу келишимге ушуга


чейин эч ким жетише алган эмес",-деди К.Ташиев. "Элүү эмес 20 гектар жерди айтып көрөйүн",-деди Ташиев. Бул үчүн кайра сүйлөшүп, жалпы протоколдун бузулуп кетпешине аракет


кылалы деди УКМК төрагасы айыл тургундарына. 24-25-мартта Ташкентке Кыргызстандын УКМК төрагасы К.Ташиев баштаган делегация чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча кезектеги


сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Skip Эң көп окулгандар and continue reading ЭҢ КӨП ОКУЛГАНДАР * "Кызыктай тапшырма беришет": украин жоокери аскер жетекчиликти сындап, жумуштан кетти *


Зеленскийден кийин Рамафоса: Трамп Түштүк Африка президентин ак терилүүлөрдү куугунтуктоого айыптады * Сапар Исаковдун ишинин кайра каралуусу Бакиевдердин реабилитациясына жол ачабы? *


"Жайытка жарыбай калдык": Кыргызстанда жайыттардын абалы End of Эң көп окулгандар Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өкмөттүк делегациянын соңку сүйлөшүүлөрүнөн кийин "чек ара


маселеси 100%" чечилгени кабарланды. Бирок сүйлөшүү тыянактары кыргыз коомунда курч талкууларга жем таштап, ар кандай чечмеленүүдө. Буга чейин өкмөт жер-жерлерде чек ара сүйлөшүүлөрү


боюнча элге түшүндүрүп, жолугушууларды өткөргөн. Жогоруда сөз болуп жаткан 50 гектар тууралуу К.Ташиев 30-мартта Өзгөндө өткөн эл менен жолугушууда айткан эле. YouTube баракчаны өткөрүп


жиберүү, пост GOOGLE YOUTUBE МАЗМУНУ КӨРСӨТҮЛСҮНБҮ? Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат


суралат. Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал YouTube посттун аягы Баракча ачылбайт YouTube баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.


"Ачык эле айтайын, жанагы плотинанын эң аягында, башында 50 гектар жерди булар сурашты. Ошол плотинаны барып тейлей турган жол бар экен. Мен чынын айтканда барып көргөн жокмун. Биздин


Мамлекеттик каттоо кызматындагылар айтышты. Анан плотинанын бир учу биздин жерге жайгашып калган экен. Мындай ылдыйды караганда, сол тарабынын бир учу биздин жерге жайгашып калган экен. Ошол


жерден булар 100 гектар жер сурады эле, мен башында чынын айтканда анча-мынча билбей туруп эле ал жерди болуптур деп коюпмун. Кийин балдар айтып келишти, мына Бактыбек Болжурович айтты,


Мамлекеттик каттоо кызматындагылар айтты,"100 гектарды берсек болбой калат, ал жерде биздин чек ара заставабыз, жолубуз бар, башкабыз бар деп, 50 гектар берсек жетишет" деп айтып


келишти. Болуптур деп 50 гектар жерди бердик",-деген К.Ташиев.