Play all audios:
ЖЕР БЕТИНДЕ КАЛГАН ТЫРЫК: КЕН БАЙЛЫК ИЗДЕГЕН АДАМЗАТ ARTICLE INFORMATION * Author, Ричард Фишер жана Хавиер Хершфилд * Role, BBC Future * 18 март 2021 КЕН БАЙЛЫКТАРЫН КАЗЫП ЖАТКАНДА АДАМ
БАЛАСЫ ТАРЫХТАГЫ МААНИЛҮҮ БӨЛҮКТҮ ЖОК КЫЛАТ. МУНАЙ, ГАЗ ЖЕ АЛТЫН БОЛОБУ, БУЛ КЕНДЕР МИЛЛИОНДОГОН ЖЫЛДАР БОЮ ЖЕТИЛГЕН. ЭМИ ЗАМАНБАП ЖАБДЫКТАР МЕНЕН АЛАРДЫН БИР НЕЧЕ МҮНӨТТҮН ИЧИНДЕ КАЗЫП
АЛУУГА БОЛОТ. Адамзат жер алдында баалуу таштар бар экенин түшүнгөндөн бери кен казуу иштери жүрүп келет. Жер алдындагы минералдар күнүмдүк турмушта колдонулган буюмдарды өндүрүүгө
пайдаланылат. Бирок ошол эле учурда алыскы аймактагы айлана-чөйрөгө терс таасир этет. Кен шахталардын абалын көрүп көптөр таң калышы мүмкүн. Жада калса колуңуздагы телефон же компьютер бир
учурда кылымдар бою таш болуп жер алдында жаткан минералдардан жасалган. Талап өсүп, улам жаңы технология, буюмду каалап турган чакта, алыскы аймакта жаратылыш талкаланып жатканын эстен
чыгарбайлы. Төмөнкү сүрөттөр кен казуунун изин жана айлана-чөйрөгө акырындык менен сиңген "калдыктарды" көрсөтөт. Жер алдындагы байыркы кендерди тарых деп карасак, анда адамзатты
кейиштүү келечек күтүп турат. БАРДЫК СҮРӨТТӨРДҮН АВТОРДУК УКУГУ КОРГОЛГОН. Skip Эң көп окулгандар and continue reading ЭҢ КӨП ОКУЛГАНДАР * "Кызыктай тапшырма беришет": украин
жоокери аскер жетекчиликти сындап, жумуштан кетти * Сапар Исаковдун ишинин кайра каралуусу Бакиевдердин реабилитациясына жол ачабы? * Блокадада калган Газа: Израил аз өлчөмдө тамак-аш
жеткирүүгө уруксат берди * "Жайытка жарыбай калдык": Кыргызстанда жайыттардын абалы End of Эң көп окулгандар