Кытайдагы жаңы вирус эпидемияга алып барышы ыктымал - bbc news кыргыз кызматы

Кытайдагы жаңы вирус эпидемияга алып барышы ыктымал - bbc news кыргыз кызматы

Play all audios:

Loading...

КЫТАЙДАГЫ ЖАҢЫ ВИРУС ЭПИДЕМИЯГА АЛЫП БАРЫШЫ ЫКТЫМАЛ 21 январь 2020 Жаңылоо 22 январь 2020 КЫТАЙДЫН САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО ТАРМАГЫНЫН АДИСТЕРИ "2019-NCOV" ДЕГЕН АТКА КОНГОН ЖАҢЫ ВИРУС


МУТАЦИЯ БОЛУП, АНДАН АРЫ КЕҢИРИ ТАРАШЫ МҮМКҮН ЭКЕНИН ЭСКЕРТТИ. Кытай бийлиги вирустун жайылышын токтотуу үчүн кошумча чараларды ишке киргизүүдө. Вирус аныкталгандан бери 440 киши вирусту


жуктурду. Кытайдын Улуттук саламаттыкты сактоо комиссиясы вирустун жайылышын алдын алууда өлкө "кооптуу чекте турганын" моюнуна алды. Буга чейин Бээжин вирус адамдан адамга жугуп


жатканын ырастаган. Бирок инфекция эмнеден улам пайда болгону азыркыга чейин тактала элек. * Кытайдагы "табышмактуу" вирус: кооптонууга негиз барбы? * Кытайдагы жаңы вирус башка


өлкөлөрдөн да табылды Ал ортодо Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өзгөчө кырдаал абалын киргизүүнү талкулап жатат. Акыркы чечим шаршемби күнү кабыл алынат. Эмитен эле Ухань шаарынан чыккан


өпкөнү сезгенткен вирус Кытайдын башка шаарларына жана башка мамлекеттерге өттү. Ошондуктан Кытайга коңшу өлкөлөр Ухань шаарынан учуп келген жүргүнчүлөрдү текшерүүдөн өткөрүүдө. Вирус


саякатчылар аркылуу жайылып кетпеши үчүн кишинин температурасын текшерген сканерлер аэропорт, темир жол жана автобус бекеттерине орнотулду. Skip Эң көп окулгандар and continue reading ЭҢ КӨП


ОКУЛГАНДАР * "Кызыктай тапшырма беришет": украин жоокери аскер жетекчиликти сындап, жумуштан кетти * Зеленскийден кийин Рамафоса: Трамп Түштүк Африка президентин ак терилүүлөрдү


куугунтуктоого айыптады * Милдеттүү тест. Кыргызстанда мамлекеттик тилдин талабы жана сабагы * Сапар Исаковдун ишинин кайра каралуусу Бакиевдердин реабилитациясына жол ачабы? End of Эң көп


окулгандар ВИРУС ТУУРАЛУУ ЭМНЕ БЕЛГИЛҮҮ? Кытай бийлиги жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вирус жуктургандардын анализин алып, инфекция коронавируска алып барарын аныктаган.


Коронавирустарга ар түрдүү вирус кирет, бирок алардын алтоо гана адамга жугат (эми жетөө). 2002-жылы коронавирустун жайылышынан улам Кытайда 8098 киши пневмонияга же өпкө оорусуна чалдыгып,


774 киши көз жумган. Коронавирустун коркунучу ар түрдүү: инфекция жөнөкөй сасык тумоодон тарта өлүмгө чейин жеткирет. Изилдөөчүлөр сырдуу жаңы вирус диапазондун ортосунда турат дешүүдө. Жаңы


вирустар байма-бай пайда боло берет. Буга чейин мурда байкалбаган вирустар негизинен жаныбарлардан жуккан. Маселен, "Жакынкы Чыгыш респиратордук синдрому" адамга төөлөрдөн жуккан.


2012-жылдан бери бул синдром 2494 кишиден табылган, алардын 858 каза тапкан. (AT)